www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 3-февралында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну М.М. атту жаран арыз менен кайрылып, «К» өзүнө анча тааныш эмес жаранга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2024-жылы аталган жаран ишенимге кирип, алдоо жолу менен 1 500 000 сом акчасын жана баасы 20 000 АКШ долларын түзгөн минивэн автоунаасын «кирпич алып келип берем» деп алып, андан соң байланышка чыкпай кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Натыйжада жабырлануучуга 2 388 148 сом өлчөмүндө ири материалдык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ж.Э. жана 1992-жылы туулган А.К. аттуу жарандар аныкталды. Алар Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө учурунда А.К. атту шектүү жарандын район аймагында жасалган дагы беш окшош алдамчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталды.

Мындан тышкары, анын Чүй облусунун башка райондорунда да ушундай мүнөздөгү кылмыштарды жасоого мүмкүн болгон тиешеси текшерилүүдө.

Тергөө улантылууда.

Эгерде сиз аталган жарандардын аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз, Аламүдүн РИИБине кайрылууңуздарды же 0554 000922, 0777 794909 телефондору аркылуу маалымдоону өтүнөбүз.

 

Последние новости