www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызмат ордун тапшыруу чечимин кабыл алганын маалымдады.
Алгач Төрага Түркия Республикасындагы расмий сапары тууралуу учкай кеп кылып, анда Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушканын жана анда маанилүү маселелер боюнча пикир алмашканын белгиледи.
“Ошол расмий сапарда жүргөн мезгилде өлкөбүздө саясий ооз-кыйыштар болуп кетти. Буга бардыгыбыз күбөбүз. Менин дарегиме да бир топ сөздөр айтылды. Бирок бир нерсени айтып койгум келет. Биринчиден мен бир же эки адамга кызмат кылбайм. Мен кыргыз элине, кыргыз парламентине кызмат кылып келе жатам. Эми мындан кийин кыргыз элине, кыргыз мамлекетине, кыргыз парламентине кызмат кылам. Ошондуктан мени эки адамга же бир адамга байлаган туура эмес”, – деди Төрага.
Муну менен катар 2022-жылы 5-октябрында VII чакырылыштын Төрагасы болуп шайланганын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу: “Ошол күндөн ушул күнгө чейин бардык аракетимди Кыргыз Республикасынын парламентинин кадыр-баркын арттырууга, ушул жерде кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин келечегине керектүү мыйзам долбоорлорун жана маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга өзүмдүн салымымды коштум деп айта алам” – деп кошумчалады.
Ошондой эле саясий туруктуулуктун аркасында өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болуп жатканын белгилеген Төрага: “Азыр биз дүйнөдө тездик менен өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарындабыз. Экономикабыз жогорулап барат. Мында урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич баштаган команданын жана кыргыз парламентинин салымы абдан чоң. Анткени бардык зарыл мыйзамдар ушул жерде кабыл алынып, ушул жерде жактырып жатат. Ошонун негизинде өнүгүүлөргө өбөлгө түзүлдү”, – деди.
Бирок ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратпай, жаңы саясий маданиятты калыптандыруу зарыл экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Мен бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалыгынан өз эрким менен кетүү тууралуу чечим кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким басым-кысым көрсөткөн жок. Ага жол да бербеймин”,– деди.
Андан тышкары өлкөдө стабилдүүлүк болушу керектигин баса белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: “Президент Садыр Жапаров баштаган саясий реформалар толук аягына чыгарылып, саясий туруктуулук болушу зарыл. Мен ушул максатты көздөп, мамлекетчил менен ушундай кадамга барып олтурам”, – деди.
Ошону менен катар өзүн Төрага кылып шайлаган кесиптештерине, Аппараттын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип: “Мен азырынча эч жакка кетпейм. Араңыздарда катардагы депутат болуп, өлкөбүздүн келечегине кызмат кылууга даярмын”, – деп жыйынтыктады.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы