www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-февралда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Ново-Покровка айылындагы үйлөрдүн биринде баңги каражаттары сакталууда жана таратылууда деген ыкчам маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалымат тастыкталды.

Аныкталгандай, 2026-жылдын 11-февралында саат болжол менен 13:30 чамасында Ново-Покровка айылындагы үйлөрдүн биринде милиция кызматкерлери тарабынан шек жараткан жаш жигит кармалган. Жеке тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар, ак түстөгү күкүм сымал зат табылып, ал түйүнчөлөргө бөлүнүп, изолента менен оролгону аныкталып, алынган.

Кармалган жаран 2007-жылы туулган К.Б. экени аныкталды. Анын жанынан аталган зат салынган 10 брикет алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат a-PVP психотроптук заты экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 2007-жылы туулган К.Б. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон шериктештерин аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости