www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 17-декабрында Аламүдүн РИИБге Достук айылынын тургуну 1997-жылы туулган А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылды, ал арызында, 2025-жылдын июнь айында Э. аттуу жаран анын ишеничине кирип, Чүй облусунун, Москва районуна караштуу Беловодское жана Александровка айылдарында жалпы аянты 20 сотых болгон жер тилкесинин өзүнө таандык экенин көрсөтүп, аны сатуу үчүн бардык керектүү документтерди даярдап берерин убадалаганын билдирип, чара көрүүнү өтүндү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Ушул шылтоо менен ал арыздануучудан 8 000 АКШ долларын, андан бир жума өткөндөн кийин дагы 4 000 доллар алган. Бирок көрсөтүлгөн жаран жер тилкесин каттоодон өткөрбөй, алынган акчаны кайтарган эмес, ошондой эле жогорку кызмат ээлеген адамдардын атын жалган колдонуп, арыздануучуга коркутууларды айткан жана жолугушуудан качкан. Натыйжада А.К. 1 440 000 сом өлчөмүндө материалдык зыянга учураган.
Бул факт катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышты жасагандыгы боюнча шектүү - мурун бир нече жолу окшош кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон 1985 жылы туулган К.Э. аттуу жаран аныкталып - Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96 беренеси менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө учурунда анын облус аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар экени аныкталды. Тергөө иштери уланууда.