www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы 28 жаштагы эркек киши менен 17 жаштагы өспүрүм кыздын никесин кыйганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, 1960-жылы туулган Э.Р. 28 жаштагы Ш.Х. жана 17 жаштагы Б.М. аттуу кызга нике кыйган. 

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды аткарууда нике курагын чектөө) менен катталган. Имам эки суткага убактылуу кармоочу жайга камалып, кийин үй камагына чыгарылган.

Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости