www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө адам өмүрүн сактап, жоголгон акча каражатты ээсине таап беришти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын Көл» эс алуу жайында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери милициянын старшинасы Дуулат Азатов жана милициянын старшинасы Шайкидин уулу Бекмырза көл жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн учурда көлгө чөгүп жаткан жаранды көрүп куткарып калышкан. Куткарылган Ысык-Көл облусунун Түп районунун 23 жаштагы жараны болгон.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун «Аврора» эс алуу жайында эс алып жүргөн Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну полктун кызматкерлери милициянын старшинасы Эрлан Талгартбековго, милициянын старшинасы Бекболот Көчөровго жана милициянын кенже сержанты Мирбек Табалдиевге ири суммадагы акчасын жоготуп алгандыгын билдирип, жардам сурап кайрылган. Ошол замат кызматкер эс алуу жайдын айланасын издешип 500 000 миң сом өлчөмдөгү акчаны таап, ээсине кайтарып беришкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости