www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-мартта Аламүдүн РИИБге Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында ошол күнү болжол менен саат 00:30 чамасында Кара-Жыгач айылынын бир үйүндө А. аттуу жаран анын 1965-жылы туулган Б.Б., аттуу атасына дене жаракаттарын келтиргенин билдирген.

Бул факт катталып, текшерүү башталды. Анын жүрүшүндө Кара-Жыгач айылынын аймагында 1964-жылы туулган, И.А. жана 1965-жылы туулган, Б.Б. аттуу жарандар, спирт ичимдиктерин ичип отуруп, алардын ортосунда чыр чыккандыгы аныкталган.

Чырдын жүрүшүндө И.А., өз эмоциясын башкара албай, Б.Б.ге колу жана таяк менен дене жаракаттарын келтирген. Жабырлануучунун оор абалына карабастан, шектүү аны үйдүн тепкичтеринен короого күч менен сүйрөп түшүргөн, натыйжада Б.Б. жерге кулап, эсин жоготкон.

Окуядан кийин И.А. жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтпөй, белгисиз багытта качып кеткен. Натыйжада Б.Б.ге оор дене жаракаттары келтирилип, учурда ал 4-шаардык ооруканасында дарыланууда.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, 1964-жылы туулган И.А. аттуу шектүү жаран аныкталып, ИИБге жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иштери улантылып жатат.

Последние новости