www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Сокулук районунда өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкерлери катары тааныштырган жарандар адам уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, 22-июнда Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал ушул эле күнү кечинде Сокулук айылынын көчөлөрүнүн биринен күч колдонуп, белгисиз адамдар арыздануучунун 46 жаштагы тууганын “BMW X-5” үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган. 

Топтолгон документтердин негизинде 23-июнда Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Туугандары уурдалган жаран ишкерлик менен алектенип жүргөнүн билдиришкен.

Маалыматка ылайык, белгисиз бирөөлөр көчөдө келе жаткан арыздануучунун тууганына өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкери катары тааныштырышып, алдоо жолу менен унаага салып кетишкен. Туугандары бир нерседен шектенип, милицияга кайрылышкан.

Адам уурдоого катышкан жарандардын жашаган жерин аныктоо максатында бир катар комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Тергөө иштерине ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери да тартылган. Видеобайкоо камераларынын жардамы менен унаанын мамлекеттик номуру аныкталган. Маалым болгондой, бул чет элдик унаа бир жума мурда башка адамдарга сатылып кеткен.

Бир катар РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүүлөр болжол менен алар Ош тарапка кеткенин аныкташкан. Буга байланыштуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерин тез арада Ош облусуна жөнөтүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн унаанын изине түшүүгө үлгүрүшкөн.

Милиция кызматкерлерине шектүүлөрдүн жүргөн жерин тактоо үчүн бир күнгө жакын убакыт кетип, алар Ноокат районунун аймагынан табылган. “БМВ Х-5” үлгүсүндөгү унааны издөө багыттамасы ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрүнө берилген. Жергиликтүү милиция кызматкерлери конуштардын биринен шектүү унааны байкашкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Сокулук районунун 46 жаштагы жашоочусун табууга мүмкүн болгон.

Шектүүлөр жана уурдалган жаран турган үйгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлери киришкен. Алынган маалыматка караганда, ишкерди уурдоо акча каражатын талап кылуу максатында уюштурулган. 

Кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.Б., 2000-жылы туулган А.уулу К. жана 2000-жылы туулган Б.уулу Ш. кармалган. Бардыгы Ноокат районунда туулуп-өсүп, Бишкек шаарында турушкан.    

Шектүүлөр соттун чечими менен кармалгандардын бардыгы эки айлык мөөнөткө камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости