www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Молдовановка айылында оорукана курула турган жерде инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин адистери курулуш аянтына барып, бургулоо иштерин жүргүзүшкөн.
Изилдөөнүн жүрүшүндө топурактын мүнөздөмөлөрү аныкталып, курулуш аянтынын шарттары изилденген.
Ошондой эле кийинки лабораториялык сыноолор үчүн топурактын үлгүлөрү алынган.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары оорукана үчүн долбоордук чечимдерди даярдоодо жана объекттин курулушунун кийинки параметрлерин аныктоодо колдонулат.