www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда уурулкка шектелген жаран колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш 6-январда Москва районунун Беловодское айылында, Колхозная көчөсүндөгү мечиттин жанында болгон. Жабырлануучунун айтымында, ал мечиттин жанына унаасын токтотуп, жума намазга кирип кеткен. Айыл тургуну намаз окуп жатканда унаасынан 400 миң сом уурдалган. Дагы бир арыздануучунун да, телефонун унаасынан тоноп кетишкен.

Бул эки факты тең милицияга катталган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен жергиликтүү милиция кызматкерлеринин аракети менен кылмышка шектүү кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон 1991-жылы туулган А.Х. болуп чыккан.

Ал убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости