www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын адистери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе, Курама жана Орто-Кайыңды айыл аймактарынын жогорку зоналарында, ошондой эле Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айыл аймагынын жайыт жерлеринде зыянкеч чегирткелерге каршы изилдөө-мониторинг иштерин жүргүзүштү.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, жалпы Чүй облусу боюнча 2610 гектар аянт изилденип, анын 1250 гектарында зыянкеч чегирткелер аныкталды. Тиешелүү актылар түзүлүп, жакынкы күндөрү химиялык иштетүүлөр башталат.
Бүгүнкү күндө жер-жерлерде Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан изилдөө иштери жана күрөшүү чаралары өз убагында жана ыкчам жүргүзүлүүдө.