www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дем алыш күндөрү автобазардын айланасында ыраатсыздык жаралат. Өзгөчө Военно-Антоновка жагынан көчөнүн ортосуна чейин машиналарын чыгарып алышып, соода кылып атышканын көрөбүз. Тартипти көзөмөлдөөчү органдар уктап калышса, ушундай жапайычылык орун алат экен да.

Натыйжада, чоң трассадан жүргүнчүлөр тыгынга кабылышып, бир сааттай убакытта араң чыгышат. Бул көрүнүшда дайыма кайталанууда. Чүй ОИИБни башкарып отурган Сапарбек Асаналиев каякты карап жүрөт?

Өзүнө тийешелүү аймакка жооп бериш керек да! Эмне үчүн жол көзөмөлдөө кызматкерлери иштебейт? Тартип жок. Же көмүскөдөн акча алып коюшуп, чөнтөктөрүн кампайтып жатышабы? Суроолор көп.

Баса, Чүй ОИИБде Канат Жумагазиев менен Самат Курманкуловдун жетекчи кездерин эстесек, мынчалык башталамандык болгон эмес.

Булак: Азия News гезити

Последние новости