www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Украинадагы орус улуттуу элин коргоп жатат. Мындай пикирин Фейсбук колдонуучусу Чолпонай Мырзалиева билдирди.

"Комментарийлерди окуп зээним кейиди. Тарыхты билбей талашкан көп. Ютубдан "америкостордун" бир беткей маалыматын көрүп алып Россияны баскынчы катары жек көргөн жаштар көбөйдү.

Путин Украинадагы орус улуттуу элин коргоду. Баарын ырбаткан Украина. Бул Союз жоюлгандан бери тийишип келе жаткан улутчулдарга каршы согуш.

Украина көп улуттуу өлкө болгон соң, жергиликтүү орустарга кысым көрсөтө бербеш керек болчу. Ал жактагы орус улутундагылар Путинден жардам сурады, ал жардам колун сунду. Ошого жеткирбей компромисске келели десе Зеленский элди ойлобой, Америкага куурчак болуп берди. Себеби Америкадагы бузуку күч аны шайлоодо бийликке алып келип отургузуп койгон.

Эми карызынан кутулуш керек. Артист карапайым элин ойлогон жок. Экономикасы артка кетти", - деди Чолпонай Мырзалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости