www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтийдин айланасындагы чууну ашыкча көбүртүп, тим эле мындай иш Кыргыздарда биринчи жолу болуп жаткансып алашемденгендерге анчалык деле түшүнбөй турам. Муфтийлериби аалымдарыбы динде жүргөндөр, менин билишимче "Ажылыкка барам"- дегендердинби же башка муфтиятка чогулган каражаттанбы кымырып уурдаганы биринчи жолу болгон жок го.

Азыр аттарын атабай эле коеюн, буга чейин деле бир катар дин жетекчилери, аалымдары каржы маселесиндеги, башка да сөз кылууга ооз барбаган чуу менен иштеринен кетишпеди беле. Орустардын бир орой макалы бар "Биринчи жолу эрге тийгенсийсиң да"-деген. Биринчи жолу Муфтий ушундай иш жасап жаткансыбагылачы. "Дүйнөнү көргөндө пайгамбар жолдон чыгыптыр"- дегендей Муфтияттагы каржыга байланышкан чуу болуп келген мындан ары да боло бермекчи. Кыргыздар аны сан кылым мурда эле айтып койгон. "Молдонун айтканын кыл. Кылганын кылба"- деп.

Дин бул Жараткан Кудайды таануучу жолду көрсөткөн багыттама. Молдо анын мугалими. Алар дин китептериндегини окутат. Жашоого келгенде кадимкидей эле пенделик кылат. Барыбыздай эле тамак ичет, дүйнө күтөт, башка иштерди кылат. Менин бир таанышым жума сайын мечитке барып, чокчойтуп сакал коюп дин жолуна түшкөн. Бир күнү эле баягыным баарынан айнып пиво ичип калыптыр. "Ой сага эмне болду?"- десем, "Мен фанат болуп даватынан калбай ээрчиген адам жомоктогудай хан сарайда жашайт экен. Атайын барып көрдүм. Анысына деле мейличи дечү элем. Бир күнү "Лексус 570" те өзү дин жаатында окуткан жоолук салынган жапжаш кызды эрмектеп кучактап отуруптур ошону көргөндөн кийин мен булар үгүттөгөн динден айныдым. Эч жерде иштебейт. Жашоосу тигиндей, жүргөнү жанагы. Айткандары башка жасаганы башка болуп жатпайбы"- дейт. "Тууганым сен динди адамга, пендеге байлап туура эмес жолго түшүпсүң. Кыргыздар "Жараткан Кудайды жүрөгүң менен тааны"- деп эчак айткан. Пендени ээрчип дин жолуна түшкөнүң адашканың. Эч убакта кандай гана дин аалымы болбосун фанатикалык түрдө аны ээрчибе. Анткени эртедир кечтир анын пенделик жоругун билип ирээнжийсиң. Сен жок дегенде Таурат, Инжил, Забур, Куран баш болгон дин илимин оку. Жараткан Кудайды таануунун жолун ошол жактан изде"- дедим. Түшүндүбү түшүнбөдүбү билбейм.

Максат ажы 150 миллион сомду кайсыл бир партиянын шайлоосуна кошумчага берип, 8 миллион доллардын эсебин таппай калганын ар кандай жол менен акташка аракет кылбай эле койгула. Ал кадимки пенделик. Күнөө кылдыбы башы менен тартсын. Маселе башкада анадан тереңде жатат. Бүгүн ачыкка чыкканы үстү көрүнөт. Ары жагы андан да жаман болсо керек. Жеке адамдардын чөнтөгүнө тийген жерлери байкалууда. "Каражатты кайра ордуна кой"-дегендер ишти эртең караларга тапшырса эмне болот? Алар тамашалашып отурушпайт. "Баланча мөөнөттө ордуна кой. Болбосо өзүң айтып жүргөн бейиштеги 70 үр кызыңа кетесиң"-дешет. Ушундай иш менен "Үр кыздарга кеткени" да болбоду беле. Аны унуттуңарбы? Ошондуктан бийликке "Камап койдуңар"- дештен мурда "Жаны аман турсун. Камасаңар камай тургула"-дегениңер балким туура болмок. Тээ илгерки окуяда, "Бийлик маани берип жок дегенде камай турганда жаны аман болмок"- деген да сөз болгон. Эсиңерге алгыла. Иш тамаша эмес окшойт.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости