www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң алдамчылыкка шектелген мурунку сот кармалды

Чоң өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды, деп билдирди бүгүн, 29-октябрда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

2018-жылдын мартында Бишкек ШИИБге шаардын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 2015-жылдын майында М.Э. жана А.Ч. аттуу жарандар Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан батирди берүүнү убадалашкан. Бул үчүн арыз ээсинен 21 850 доллар акчасын жана 36 миң долларга бааланган «Рэндж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаасын алышкан. Алар ошол бойдон качып кетишкен.

2018-жылдын августунда Жазык кодексинин 166-беренеси (эски редакция) менен кылмыш иши козголуп, бул иш 2021-жылдын майында Октябрь РИИБге берилген. РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1962-жылы туулган М.Э. шектелип кармалды.

«Сводка.АКИpress» редакциясына күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирген маалымат боюнча, шектүү Аламүдүн райондук сотунун мурунку судьясы — Эмил Мамытов. Учурда бул иштин башка катышуучулары изделип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости