www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан"* Бадахшан провинциясындагы кафе-ресторандарга өздөрүнүн катаал талаптары менен чектөөлөрүн койду. Бул туурасында AVA Press басылмасына шилтеме берип Sputnik Тажикстан жазды. Кыймылдын башкармалыктарынын биринин жетекчиси Муазеддин Ахмади коомдук тамактануучу жайлардын ээлерин алар менен кызматташып, жаңы тартипти сактоого чакырган.

Бул биринчи иретте ресторан менен кафеге келгендерге тиешелүү болуп чыкты. Эми мындан ары аялдар менен эркектер бир жерде отуруп тамактана алышпайт. Чылым чеккенге жана намаздын маалын өткөрүп жиберүүгө болбойт. Ал жерде музыка ойнолбошу керек.

"Бул жаңы афган бийлигинин биринчи салган тыюулары эмес. Буга чейин талибдер үйлөнүү тойдун эрежелерин бекиткен. Отель менен ресторандардын ээси конокторду "эркектер" жана "аялдар" тарап деп бөлүп отургузууга милдеттендирилген", — деп жазды басылма.

Салтанатка келгендер уюштурулган көңүл ачуучу ар кыл сынактарга катышпашы керек, ал эми дасторконго гормэ кошулган күрүч жана нан гана коюлушу керектиги айтылган. Үйлөнүү тойдо да музыкага тыюу салынган.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюмбулак: 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости