www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Статс-катчы институту жоюлду. Кимдер кызматтан кетет? Тизме

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердүүлүгүн талдоонун жана мониторингинин негизинде, бул институттар өздөрүн актаган эмес деген тыянак чыгарылган жана жер-жерлерде мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта мамлекеттик башкарууда эффективдүүлүктү көрсөткөн эмес.

Мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институтунун жоюулушун эске алуу менен, анын функционалдык милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт.

Кайсы ведомстволордун статс-катчылары бар?

- Календеров Улугбек Ибраимович — Экономика жана финансы министрлиги,

- Бардинова Нуржан Арзыкуловна — Тышкы иштер министрлиги,

- Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич — Юстиция министрлиги,

- Ташиев Жапаркул Актаевич — Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги,

- Шадыханов Калысбек Токтосунович — Билим берүү жана илим министрлиги,

- Секимов Бактыбек Шайыкбекович — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги,

- Мамбетов Азамат Муратович — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,

- Мамыров Кутман Өмүрзакович — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги,

- Акмолдоев Айбек Кудайбергенович — Энергетика жана өнөр жай министрлиги,

- Алишеров Нурдин Куванычбекович — Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги,

- Сагымбаев Абдисамат Акимович — Санариптик өнүктүрүү министрлиги,

- Бопушева Жылдыз Жоробековна — Инвестициялар министрлиги,

- Мойдинов Исламбек Жанышович — Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги

- Бөрүбаев Самат Нарматович — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги,

- Кененбаев Чыңгыз Токтобекович — Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы,

- Сагынбаев Бакытбек Эсенбаевич — Мамлекеттик кадр кызматы,

- Калмаков Сталбек Аманатович — Сот департаменти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости