www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгүн кымбатчылык жана жашоо деңгээли тынчсыздандырат. Бул Эл аралык республикалык институт (IRI) жүргүзгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы.
Респонденттердин 65 пайызы бүгүнкү күндө өлкөбүз үчүн кайсы көйгөйлөр эң олуттуу деген суроого жооп берип, кымбатчылыкты жана жашоо деңгээлин аташкан.
Сурамжылоого катышкандардын 57 пайызы жумушсуздукту көйгөй деп эсептешет.
Сурамжылоого катышкандардын дагы 52 пайызы коррупцияны эң олуттуу көйгөй деп аташкан.
Респонденттердин 49 пайызы аны коронавирус, ал эми 24 пайызы жакырчылык деп аташкан.
Изилдөөгө катышкандардын 1 пайызында көйгөйлөр жок.
Изилдөө 2021-жылдын 11-сентябрынан 26-сентябрына чейин компьютердик технологияларды колдонуу менен уюлдук жана стационардык телефондор аркылуу маектешүү жолу менен жүргүзүлгөн. Тандалган n = 1 миң 209 Кыргызстандын 18 жана андан жогорку жаштагы тургундары.
Булак: NazarNews.kg