www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү Ооганстандан өз жарандарын жана алар менен кызматташкан оогандыктарды шашылыш чыгарып кетүү аракетин көрүп жатышат. Пентагон 23-августта билдиргендей, соңку 24 саат ичинде Кабул аэропорту аркылуу 17 миң киши эвакуацияланды. 14-августтан бери жалпысынан 37 миң адам чыгарылды.

АКШ, Британия, Италия, Франция, Германия, Канада жана Жапониянын лидерлери эвакуация маселелерин жана америкалык аскерлерди толук чыгарып кетүү мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.

Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Джо Байден аскерлерин 31-августка чейин чыгарып кетерин жарыялаган. Бирок бул мөөнөткө чейин жарандардын баарын эвакуациялап кетүүгө үлгүрбөй калабыз деген кооптонуудан улам Британия, Франция жана Германия аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн андан ары узартууга туура келерин айтып жатышат.

Талибдер чет жактын аскерлери азырынча мөөнөтүнөн ашыгыраак калуу тууралуу кайрылышпаганын, андай сунуш четке кагыларын билдиришти.

Байден буга чейин аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтүн узартуудан баш тартып келген. Бирок соңку чечимди өнөктөш мамлекеттердин лидерлери менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алары күтүлүүдө.

Ак үй тараткан маалыматка ылайык, Байден менен Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон «эвакуациянын баштапкы баскычы аяктагандан кийин да айрым адамдарды чыгарып кетүү үчүн бирдиктүү аракеттерди улантууну сүйлөштү».

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Кошмо Штаттардын аскерлери белгиленген убакытта толук чыгарылса, башка мамлекеттер да ушундай кадамга барууга аргасыз болорун маалымдады. АКШ Кабул аэропортун коргой алган жана эвакуация аракеттеринин коопсуздугун камсыздаган алдыңкы аскердик держава болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости