www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.
Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:
Кыргыз Республикасынын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
Коопсуздук кеңешинин катчысы;
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
Жогорку Кеңештин төрагасы;
Министрлер кабинетинин төрагасы;
Президенттин администрация башчысы;
мамлекеттик катчы;
башкы прокурор;
коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
Булак: NazarNews.kg