www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Жайыл районунда 44 жаштагы эркек киши улгайган апасына бензин чачып өрттөп ийди деген шек менен кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 9-мартта, эртең менен саат 06:30да РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арал айылынын тургундарынан чакыруу түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда 81 жаштагы кемпирдин сөөгү өз үйүнөн табылган.
Бул кылмышка шектелип маркумдун 44 жаштагы баласы кармалды.
«Тергөө учурунда шектүү өз энесине бензин чачып өрттөп жибергенин айтып, кылмышын мойнуна алды. Алдын ала маалымат боюнча, ал психикалык оору менен жабыркайт. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Шектүү Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси менен КЖБРге катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.
Булак: NazarNews.kg