www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Токмок шаарында жолдошу жарандык никеде жашаган аялын үй-бүлөлүк бюджеттен 1000 сом коротуп койгону үчүн сабаган. Натыйжада аял алган жаракатынан улам көз жумган. Сот шектүүгө өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылды.

Документке ылайык, 1968-жылы Сергей аттуу жаран жарандык никеде жашаган аялы менен 1000  сом үчүн уруша кетишкен. Анткени аялы үй-бүлөлүк бюджеттен 1000 сом алып, ашканага салынчу дасторкон алып койгон. "Эмнеге менден сурабай аласың"  деген Сергей аялынын бетине муштум менен бир нече ирет соккон. Ал жерге кулап түшкөндөн кийин мас абалындагы киши жумушуна кетип калган.

"Кайра келсе аялы дагы деле жерде жаткандыктан Тез жардам чакырып ооруканага алып барган. Бирок аял алган жаракатынан улам  эсине келбей жандандыруу бөлүмүндө каза тапты.

Ал эми кылмышкер жасаган иши үчүн 7,6 жылга эркинен  эркинен ажыратылды", - деп кабарланат өкүмдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости