www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-июндан баштап Ленин районунда 5 бала бакча иштеп баштаса, Октябрь районунда бала бакчалар кийинки аптага чейин ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

"Аталган райондордогу бала бакчалардын ачылбай турушунун себеби, биринчиден, андагы кызматкерлердин бардыгы коронавируска карата тесттен өтүшү керек эле. Экинчиден, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын керектүү азык-түлүктөр менен камсыздоо керек болду. Октябрь району боюнча учурда азык-түлүктү жеткирүү маселеси чечилип жатат. Ал жактагы бала бакчалар дагы келе жаткан дүйшөмбү күнү ишке кирет деп турабыз", - деди шаардын вице-мэри.

Ленин районунда №28, №52, №64, №141, №164 мектепке чейинки билим берүү мекемелери ачылып, биринчи иш күнүндө 72 бала келген. Ошондой эле Свердлов районунда 14 (869 бала) жана Биринчи Май районунда 14 (397 бала) бала бакча иштеп баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости