www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов өзүнүн орун басарлары менен биргеликте санитардык-карантиндик посттордо аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу "Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай текшерүү, азыркы учурдагы COVID-19 илдетин жуктуруп алуулардын саны  жогорулап жаткандыгына байланыштуу уюштурулду. 

Текшерүү учурунда, Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы кызматкерлер тарабынан посттордо кызматты уюштуруусуна, өздүк курамга тамак-аш, жеке коргонууч каражаттары менен камсыздалышына көңүл бурду, ошондой эле кызматкерлердин эс алууга чатырлар менен жабдыкталышын белгиледи.    

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 4-июнунан тарта, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда орнотулган санитардык-карантиндик посттордо карантиндин режимдин талаптарын сакталышы боюнча күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Аймактарда кырдаал тууралуу маалыматтарды топтоп, талдоо иштерин күнү-түнү жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү тургундар арасында өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын жана жүрүм-турум эрежелерин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин уюштурууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости