www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  Уран Рыскулов менен Абылгазиевдин айланасындагы  маселелер тууралуу сүйлөштүк.

--Уран мырза, Өкмөт башчылыкка Кубатбек Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлүп, колдоого алынды. Ишин жөндөп кете алабы?

--Өкмөт башчылыкка  ким татыктуу деген суроонун өзү туура эмес. Анткени, Өкмөт башчылыгына ушул система менен эч убакта татыктуулар келбейт. Ар дайым көз карандылар, өздөрүнүн ой пикирлери, идеялары жок күн карамалар келет. Өкмөт президенттин былыктарын, туура эмес кылмыштуу иштерин өз мойнуна ала турган “запасной” вариант. Ылайыгы келгенде шылтоонун баарын ал кишиге жүктөп коюп өздөрү суудан кургак чыгуунун амалы. Өкмөттүн ушул абалы менен аларды жоюп, милдетин президенттик аппаратка өткөрүп берсе туура болмок. Ал күндөр дагы жакындап калды. 

--Эми Мухаммедкалый Абылгазиевди тынч эле узатып коюшабы же жыштыктагы, темир жолдогу коррупция үчүн кылмыш ишин козгоп коюшабы?

--Премьер-министр эч убакта мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл ала алган эмес. Акыркы мезгилде Премьер-министр президенттин бир аппарат бөлүмүнө айланып кеткен. Ооба, конституцияга кооз кылып премьер министрдин укуктарын жана милдеттерин жазып коюшкан. Бирок, бизде Конституция дагы иштебегенин премьер министрлердин сары улактай садага чабылып, кол жоолуктай көтөрүлүшү тастыктайт. Жыштык боюнча  чечим кабыл алганга ага эч ким мүмкүнчүлүк бермек эмес. Ошондуктан жыштык боюнча ага эч күнөө коё алышпайт. Чечим башка деңгээлде кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости