www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдөгү "Кайыңды кабель заводу" кытайларга сатылган эмес, ал штаттык режимде эле иш алып барууда. Бул тууралуу ЖМКларга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти. 

"2017-жылы декабрь айынын башында "Кайыңды кабель заводу" сатыкка коюлган. Бирок кийин сатыктан кайра алынган болчу. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна аталган заводдун 24,79 пайызы таандык. Калган акциялар жеке адамдардын колунда", - деп билдиришти аталган фонддон.

Аталган завод алынган насыяларды төлөп бере албаганына байланыштуу кытай компаниясына өткөндүгү тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыккан.

Ал маалыматка ылайык, кытай компаниясы жергиликтүү 200 тургунду жумуш менен камсыздап, жалпы инвестициянын көлөмү 50 миллион долларды түзө тургандыгы да айтылган.

Эске салсак, Кайыңды заводу 1958-жылы негизделген. Ал 15 тонна эмалдаштырылган зымдарды иштеп чыгарчу.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости