www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор кызматынан кеткенден бери Индира Жолдубаева кумга сиңген суудай эле жоголгон. Анын жок жерден токуган кылмыш ишинин кесепетинен жабыр тарткандар көп болсо да, эмнегедир Индира айымды жоопкерчиликке тартуу маселеси анчейин көтөрүлгөн эмес.

Эми Шадиевдин ишинде, түкүрүк мыйзамында Индира Жолдубаеванын жоопкерчилиги айтыла баштады. Бир кожоюнунан башканы уруп ойнобогон кесепети чоң мамлекеттик кызматкерлерди эбак эле кармап, жоопко тартып, элдин көксөөсүүн суутса болмок.

Анткени, ага нааразы болгондор четтен чыгат. Учурунда туура эмес кылыпсың деп жоопкерчилик маселесин көтөргөндө изин билгизбей  укук коргоо органдарын азапка салат.

Ошондуктан, мамлекетти жеп ичип кеткендердин качып кетишине шарт түзбөй жоопкерчиликке да убагында тартканды жолго коюп алсак, ар кимдин түкүрүгүн аңдыбай эле ошолордун эсебинен тышкы карызды төгүп койсок болот эле го. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости