www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын тергөө абагынан өзүнүн жеке адвокаты ЖМК аркылуу коомчулука кайрылуу жиберди.

Кайрылууда Зилалиевге өзүнүн акчалары тууралуу түшүндүрмө бердиртпей кармап кетишип, өз укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк берилбей жаткандыгы тууралуу айтылат.

Кайрылуунун жалпы мазмунунда:

«Массалык маалымат каражаттарында тараган мен тууралуу жыңылыктар тууралуу айтууга тийишмин.

Биринчиден, мени эчкандай аэропорттон кармап кетишен жок. Бул калп! Кааласаңар аэропортго чалып маалымат алсаңар болот. Мени үйдөн кармап кетишкен.

Экинчиден, мени кармап кетишкенден кийин мага далилдерди көрсөтүүгө уруксат беришкен жок.

Мени коомчулуктун алдында катуу талкууга алдырган ийгиликсиз видеолорун да түшүндүрмөсү бар. Бирок азыр аны далилдеген тескерисинче аянычтуу актануу болуп калат. Ошондуктан азырынча күтө турам.

Бирок тергөө иштеринде керектүү далилдердин баары көрсөтүлөт. УКМК баарын иликтеп чыккандан кийин кечирим сурап мени кое берет деген үмүтүм дагы деле бар. Байкап көрөбүз.

Урматтуу мекендештер, жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Ар бир үй-бүлөгө бакыт жана жылуулук каалайм» -деп жазылган.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылдын 9-декабрында кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости