www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шадиевге соттун чечими чыкканга чейин Кыргызстандын бюджетине сарпталчу каражат анын капчыгында эле экен дешип, мүлкүнүн тизмеси жарыяланган. Эми болсо. Ал качып кеткенче эле мүлкүн сатууга үлгүрүптүр деп, алакан жайып отурушат.
Андай болсо кылмыш иши козголгондо мамлекеттин ырыскысын жалгыз жеп-ичкен адамдай көрсөтүштү. Андай жеп-ичкендерге каршы тура албасак, жоопкерчиликке тартып, жазалай албасак аны качып кетти деп неге уу-дуу кеп кылдык. Же анын качышына шарт түзгөндөр байлыгынын бир канча пайызын тымызын өздөрүнө эмес, туугандарына каттатып алып, билмексен болуп отурган жокпузбу деген ойго кептелесиң.
Болбосо, Шадиевдей амалкөй качкын азаматтарды кармайм десе, бат эле колго түшүрүшмөк. Анын ичип жегени, мамлекетке зыян келтиргени анык болсо, камабай не аяп жатышат деген маселе жаралат.
Качкан саясатчыларга мындай мамиле улана берсе, коррупционерлерди аяган саясаттын кесепети президентке сокку болуп тийиши мүмкүн. Ошон үчүн былыгы чыкканда качып кутулууну көздөгөндөрдү президент жеке көзөмөлүнө алып, ичкен-жегенин кустуруп, мыйзамсыз байып, элдин ырыскысын калпып жеген азаматтарды эл алдында жоопкерчиликке тартышы абзел.
Болбосо, алардын изи билинбей калса, баштаган ишинин аягына чыккан жок деген дооматтар президентке эле көлөккө түшүрөт.
Булак: NazarNews.kg