www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин доору бүттү. Ал тургай азыр ооз ачса эле, жаңылыштык кетирип, президентке асылып, ого бетер кадырын кетирип алды. Анын кыңыр ишти кылып, кыл жип менен бууган нерселеринин баары 40 ай өтпөй эле ачыкка чыга баштады.
Жыйынтыгында коррупциялык схемага аралашкан чиновниктеринин баары камакка алынды. Болушунча бийликке айбат көрсөтүп, президентти сен ким элең дегенге чейин барды. Бирок, андан жарытылуу майнап чыккан жок. Камакка алынган ал ишенген кадрлардын көбүнүн иши кубанарлык эмес.
Кыскасы, Атамбаев Сооронбай Жээнбековго асылам деп ого бетер душмандарын көбөйтүп, саясий талаада жалгыз калды. Мурун кимдерди мазактаса, бүгүн ошол абалга өзү кептелди. Башкача айтканда, президент тарапка өтө качкан саясатчылардын баары ыгы келбесе да Атамбаевди кеп кылып, аны каралоо менен убара болуп калды. Атамбаевге адам катары ичиң ачышканы менен бийлиги колунда турганда адамдарды кордоп, президент башы менен каралоо компаниясынын башында турганын эстегенде чала дегиң келет.
Бир сөз менен айтканда Атамбаевдин азыркы абалы аянычтуу. Ошон үчүн Ал Кыргызстандан башка мамлекетке чыкса эле, качып кетти. Эми келбейт. Азыр кармап, жазалаш керек деген пикирлер соц тармакта мөндүрдөй жаайт. Азыр да анын индияга эс алууга кетип жатканы түрдүү пикирлерди жарата баштады.
Булак: NazarNews.kg