www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн таң эрте саат 07:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл аймагынын Аюу кыштагында көчкү жүрдү. Бул туурасында, ӨКМдин басма сөз кызматы расмий сайтында кабарлайт. Анда айтылгандай алдын ала маалыматтар боюнча көлөмү болжол менен 1 млн куб метрге жеткен көчкүнүн алдында 11 турак-жай калган. Алардын төртөөндө адам жашаган эмес. Ал эми калган 7 турак-жайда 24 адам күн кечирип келгени айтылууда. Бул турак үй ээлерине ӨКМден буга чейин коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча 2017-жылдын март айында эскертүүлөр берилген.
Учурда кырсык катталган аймакка ӨКМдин орун басары Равшан Рысбаев баштаган ыкчам топ куткаруучулар жетип издөө иштерине киришишти. Алардын артынан ишти көзөмөлгө алуу үчүн аталган министрликтин жетекчиси Кубатбек Боронов да жолго чыккан.
Булак: "Egemen.kg"