www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чуңкурчак жайлоосунда Кымыз фестивалы өтөт

6-июлда Чуңкурчак жайлоосунда KYMYZ-FEST иш чарасы өтөт. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл фестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Уюштуруучулар белгилегендей, фестивалда ар кандай көргөзмөлөр, жети дубандан келген кымыздын түрлөрү жана кыргыз ашканасы менен таанышууга мүмкүн болот. Мындан тышкары, боз үйлөр шаарчасы курулуп, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, улуттук оюндар көрсөтүлөт.

Иш-чара эртең менен саат 10:00дө башталары кошумчаланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости