www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда баңгизат саткан 2 жаран кармалды

Атайын кызмат тарабынан «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга баңги каражаттарын ташуу менен алектенген туруктуу трансчекаралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 24-июнунда Ноокен районунун Бобуй айылында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун жашоочулары У.Д.М. жана Б.М.Х кармалды. Алар Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы салмагы 2,4 кг болгон «афган чарсы» аталышындагы гашишти ташып өтүүгө ниеттенген.

Учурда аталган баңги каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости