www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чуңкурчак капчыгайында 39 жаштагы эркек киши аркан менен секирүү учурунда кулап, каза болду.

Окуяны Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктап, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

«6-июль күнү саат 13:30дар чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан «Flyjumр» аталышындагы спорт комплексинде, аскадан секирүү учурунда жип үзүлүп кетип, анын кесепетинен 1985-жылы туулган жаран окуя болгон жерден каза болгон.

Бул факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө аракеттери жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим чыгарылат»,-деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум эс алууга үч баласы менен барган.

Последние новости