www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк шылуундар тууралуу эскертет

Акыркы убактарда шылуундар активдешип, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын жана Кыргызнефтегаздын атынан акча каражаты берилет, деп жалган билдирүүлөрдү таратып жатышат, деп билдирет Улуттук банк.

Финансылык жөнгө салуу органынан белгилешкендей, бул ирет белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап, алдамчылар Улуттук банк Кыргызнефтегаз менен биргеликте акционерлерге төлөм жүргүзүүнүн уникалдуу системасын иштеп чыкканын кабарлашып, жарандарды ссылка боюнча катталып, 50 миң сом өлчөмдөгү акча каражаттарын алуу үчүн катталууга чакырышты. Анын натыйжасында шилтемеге кирген жарандар жеке банктык маалыматтарын алдамчылардын колуна өткөзүп берүү коркунучу турат.

Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты сиздин жеке маалыматыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар!

«Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз!

Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин жазбаңыз. Баардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!» — деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости