www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте №153 экспресс автобус каттай баштайт. Жол акысы

Бишкек шаарында 8-июлдан тарта №153 муниципалдык экспресс автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, каттамдын акыркы аялдамалары 12-кичи райондо жана “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашат.

Каттамды “Isuzu” үлгүсүндөгү, 12 метрлик, 3 эшиктүү, 17 даана заманбап автобус тейлейт. Аралыгы 10-12 мүнөттү түзөт.

Аталган автобустар экспресс тартипте иштейт. Белгиленген гана аялдамалардан токтойт. Салондогу отургучтардан ашыкча жүргүнчү салбайт.

Буга байланыштуу тариф дагы башкача. №153 муниципалдык автобуста жол кире акысы накталай төлөсө 140 сом, накталай эмес 122 сом.

Белгилей кетсек, каттамды тейлеген автобустар кондиционер жана накталай эмес төлөм аткарууга керек жабдуулар менен жабдылган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости