www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган оюн-зоок эртең менен саат 8:00дөн кечки 19:30га чейин созулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маараке Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт.
Салтанаттуу иш-чаранын программасы:
10:00 – 10:20 — Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи;
10:30 – 10:55 — Этнобазардын, кыргыз айылынын, ынтымак республикалык кароо-сынагынын жана улуттук спорт оюндарынын ачылыш аземи;
11:00 – 11:50 — Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи;
11:50 – 12:20 — ат чабыш, байге тапшыруу аземи;
12:30 – 16:30 — "Ынтымак" республикалык кароо-сынактары: кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы, күлазык, улуттук тамак-аш, элдик кол өнөрчүлүк, көркөм сүрөт өнөрү (кыргыз айылында улантылат);
12:30 – 17:00 — салбурун, күрөш, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш жана башка улуттук оюндар;
12:30 – 13:15 — Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерттик программасы;
13:20 – 14:30 — ат оюндары: кыз куумай, эр эңиш, эр сайыш, тыйын эңмей, ат үстүндөгү шамдагай жигиттер;
14:30 – 16:30 — "Ынтымак" республикалык кароо-сынактары: улуттук ырлар, улуттук кийим-кечелер;
15:00-16:00 — "Ынтымак" республикалык кароо-сынагы: боз үйдү тез тигүү
17:00 – 19:30 — салтанаттуу иш-чаранын жабылышы, "Ынтымак" республикалык кароо-сынагынын номинациялар боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи, гала-концерт.
Булак: NazarNews.kg