www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-августта XV эл аралык кыргыз-казак айтышы башталат. Бул тууралуу "Манас" театрынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айтыш Эгемендүүлүк күнүнө жана "Токтогул" атындагы сыйлыктын лауреаты, Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналып уюштурулууда. Анда 8 кыргыз акыны 8 казак акыны менен таймашат.

Кыргыз акындары: Баян Акматов, Чыңгызхан Кожошов, Жеңишбек Жумакадыр, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Азамат Болгонбаев, Мамбеттокто Мамбеторозо, Амантай Кутманалиев.

Казак акындары: Сырым Ауэзхан, Сагыныч Смет, Биржан Байту, Аспанбек Шугатаев, Айтпай Жумагулов, Данияр Алдаберген, Мурадым Мирланов, Алтынбек Ибрагимов.

Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Башталышы саат 18:00.

Белгилей кетсек, айтыш эртең, 31-августта дагы уланат. Байге фонду 3 миллион сом.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду уюштуруп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости