www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диндердин өнүгүү тарыхы китеби УКМК жана ИИМдин текшерүүсүнөн өткөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Аталган китеп төрт жолу экспертизадан өткөнү да айтылды. Билим берүү министрлигинин комиссиясы эч кандай кемчилик жок экенин билдирген.

Белгилей кетсек, сентябрдан тарта мектеп окуучуларына диндердин өнүгүү тарыхы сабагы окутула баштайт. Адегенде жаңы предмет 9-класстарга киргизилсе, кийинки жылдан тарта 7-8-класстарга кошулат. Сабакты теологдор, тарых мугалимдери өтүшөт. Буга чейин алар атайын окуулардан өтүп жатканы маалым болгон.

Эске салсак, Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү боюнча жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Бийлик мектеп окуучуларына дин, анын тарыхы жана адамзаттын жашоосундагы ролу боюнча объективдүү билим алуу үчүн жаңы предмет керек деп эсептейт. Бул экстремизм жана радикализмге каршы турууга жардам берери айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости