www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Запорожье атомдук электр станциясынын (ЗАЭС) айланасындагы кырдаалга комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Министрдин айтымында, Анкара Украинаны НАТОнун көптөгөн союздаштарына караганда көбүрөөк колдошу мүмкүн.

«Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз. Бирок биз Орусия менен да диалог жүргүзүп жатабыз жана бул диалог өз жемишин берип жатат. Ошондуктан, биз аларды эки жолу чогулттук жана бул дан келишими өз натыйжасын берди», - деди Тышкы иштер министри.

Чавушоглу Түркиянын Киев жана Москва менен түзүлгөн диалогдун аркасында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчисин орус тарап менен Стамбулга алып келгенин баса белгиледи. Анын айтымында, эксперттер Запорожье АЭСине барат.

«Эксперттер кайрадан аймакка барышат. Ошол эле учурда биз бул жерде коопсуздук кепилдиктерин берүүгө аракет кылып жатабыз», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости