www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Нургожоевич, азыркы учурда окумуштуу, тарыхчы Виктор Козодойдун кыргыздардын тарыхы жөнүндө жазган эмгеги да Маловдун эмгегиндей болуп бурмаланып кетпес үчүн Кыргыз элинин элди-жерди сүйгөн патриот Президенти катары тарыхчы Виктор Козодойду Кыргызстанга чакырып, кабыл алыңыз. Бул тууралуу жазуучу Абдымамбет Сариев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Кыргыз тарыхы жана, окумуштуу, тарыхчы Виктор Козодой...

Урматтуу президент, кыргыздын байыркы, соңку тарыхы бурмаланып келген жана далайы жашырылып жатат...

Бул маселеде биздин негизги тарыхчылар өз кызыкчылыктарын жогору коюп, арабдын, түрктүн ж.б. элдердин тарыхын даңктоо менен алек-чалек. Аларда патриоттук дух жана ар-намыс жок болгондуктан кыргыздын тарыхын иликтеген башка улуттардын тарыхчыларына көмөк көрсөтүүнүн, кыргыздын эски тарыхын жандары чыккыча изилдөөнүн ордуна кайра аларды көрө албай, атаандашып, майлуу, сүттүү докторлук, кандидаттык даражаларга жамынып, жан багуунун алекетинде жана аракетинде...

Ошондуктан, СССР маалынан баштап, 2020-жылга чейин тарых илими боюнча алган кандидатык, докторлук илимий даражаларды, доценттик, профссордук титулдарды жоюп таштап, кайрадан жаңыдан эмгектерди жаздыртып илимий даражаларды жактатпса булар эмгек кылбай эле көчүрүп жазуунун туңгуюгуна кирип кетишип, суу жетпеген балыктай чабалактап катуу кыйналышууда. Буларды караңгылыктан жарыкка алып чыгуу аларга аба менен суудай зарыл!

Кытайлар кытай тарыхын иреттеп, тактап жогорку окуу жайлар, жалпы эл үчүн «Кытай тарыхы» деген 600 беттен ашуун тарых китебин 15 главаны он беш жазуучу, он беш тарыхчы бирлегешип жазып такташып, 18 жолу кайра-кайра басмадан чыгарышты. Жай наган кытай тарыхын бир окуу китеби кылып жыйнактап түздөштү. Бул китептин кыргызча котомосун 2017-жылы мен редакциялагам...

«Кытай тарыхынын» 6 бөлүмүндө кыргыз жөнүндө бар. Тажик, өзбек, казак, татар, орус ж.б. элдер жөнүндө байыркы маалыматтар жок.

Биздин өлкө Башчылар согуш маалында коркок, жалтак, кайдыгер, көңүл кош жана саткындык пейилде окумуштуу-тарыхчы Маловдун кыргыздар жөнүндө жазган эмгегин түрктөргө алмаштырып жазып чыгарууга кырдаалды ылайыкташтырып чыккынчылык кылышкан.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, азыркы учурда окумуштуу, тарыхчы Виктор Козодойдун кыргыздардын тарыхы жөнүндө жазган эмгеги да Маловдун эмгегиндей болуп бурмаланып кетпес үчүн Кыргыз элинин элди-жерди сүйгөн патриот Президенти катары тарыхчы Виктор Козодойду Кыргызстанга чакырып, кабыл алып, кыргыздар жөнүндө жазган тарых эмгектерин китеп кылып чыгарууга шарт түзсөңүз кыргыз элинин ырыс-ынтымагы, кыргыз тарыхынын байыркылыгы үчүн эң зор эмгек кылган болоор элеңиз!», - деп жазган жазуучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости