www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогул районунда Чычкан дарыясына унаа кулап кеткен кырсыктан кийин дайынсыз болгон Өзбекстандын жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 22-июнда болгон. Унаанын ичинде үч эркек жана 45 жаштагы аял болгон.
Эркектер унаадан өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми аялды Чычкан дарыясынын катуу агымы агызып кеткен.
Издөө-куткаруу иштери төрт күнгө созулуп, анын жыйынтыгында ӨКМ кызматкерлери каза болгон аялдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.