www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир айдан бери чет жакта убактылуу иштеп жүргөн мекендештер бийликке кайрылуу жасап, маселени чечпесе элибиз кор болуп жатканын айтып жаттык. Кирди - чыктыга дагы түз барып түз келбей, бир канча чакырым сайын тонолуп жатканыбыз боюнча дагы айтып жаттык. Мындай пикирин Чыңгыз Таалайбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Кыргыз элине кайсы бир деңгээлде кадыры бар ушул эки агамды кайрадан эстедим.

Бир кезде калкка кадырын салып, тили өткөндүн баарын Садыр Жапаровду колдоого өзгөчө үндөгөн ушул эки инсан эле. Мен муну эмне үчүн айтып жатам?

Бир айдан бери чет жакта убактылуу иштеп жүргөн мекендештер бийликке кайрылуу жасап, маселени чечпесе элибиз кор болуп жатканын айтып жаттык. Кирди - чыктыга дагы түз барып түз келбей, бир канча чакырым сайын тонолуп жатканыбыз боюнча дагы айтып жаттык.

Тилекке каршы, президент ойлонгуча 18 жараныбыз кырсыкка кабылып калды!

Ушул эки агам өз кадырын салып олтуруп Садыр Жапаровду президент кылууга чоң салымын кошушкан. Ал тургай, экөөсү тең ботодой боздоп ыйлаган. Азыр Садыр Жапаровго кадырын салып, такыр болбосо көздөр ачылбай калганча ыйлап берсеңиздер маселе чечиле беле деген ой. Биз президентке кайрыла берип, сурана берип, жалына берип, абдан үмүтсүз түндө калдык. Кырааты менен уккулуктуу ыйлаган экөөңүздөрдө гана калды, үмүт!

«Кресло талашкан келесоолор коё тургулачы» - деп, акын агам боздоду эле.

«Казиноңорду, кайдагы бир болбогон курултайыңарды коё тургулачы. Иттин күнүн көргөн мекендештериңердин маселесин чечип бергилечи» - деп, мен силерге сыздап кайрылып атам.

Садыр абабызды жаман көрсөткөндөргө арыз баскыла - деп, куудул агам кыйкырды эле. Эгерде маселе чечилип калса, мен иш кылбай эле ошолор менен алышып жатканга деле даярмын. Болгону, экөөң бир ыйлап маселебизди чечтирип бергиле. Элди укпаган ажобуз силерди угат», - деп билдирген ал.

Эске салсак, 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу автоунаа токтоп турган бустун артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч адам ооруканада жатат. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып, эки кат болуп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости