www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрнис Бөрүбаев дагы бир катуу ыйлап, казино боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу кылып койсо накта эркектин иши болмок. Мындай пикирин Чыңгыз Таалайбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Башкасын билбейм, бирок Садыр Жапаров үчүн ботодой боздоп, өпкөсү көөп калганча ыйлаган ушул экөөнөн дың деген сөз чыкпаганы мени кызыктырып жатат.

Эй аттуу баштуулар, баарыңар Садыр Нургожоевичтин артына бириккиле - деп, Идирис Айтбаев көз жашын көлдөй төккөнүн жакшы билем, бирок ошол боюнча бул таксырдан дың деген үн чыкпайтко?

Адашпасам дин жөнүндө дагы жаштарга бир немелерди сүйлөп калчу эле, бүгүн казино боюнча дагы бир көгөрүп калганча ыйлап, же эси ооп калганча ыйлап Президентке кайрылуу кылса куп жарашмак. Ошондо дүрбөлөңгө түшкөн элдин агымы менен ойноп, баарысын Садыр Жапаровду колдоого чакырбады беле, эми неге тилин жутуп олтурат? Абийир үчүн деле ак же көк деп койгону оң деп ойлойм.

Ар кандай мыйзамсыз күчтөрдүн жардамы менен бийликти басып алганда, Эрнис Бөрүбаев деген жигит кубанычтан элдин астында шолоктоп ыйлаган. Эми дагы бир катуу ыйлап, казино боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу кылып койсо накта эркектин иши болмок.

Же болбосо, «мен ыйлаак неге ыйлаганымды деле билбейм, Жапаров үмүттү актабады» - деген сыяктуу элге бир неме деп койсо жаман болбойт. Такыр болбосо «мас болчумун» - деп кутулсун», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости