www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Дастан Далабаевич, комитеттин жыйынында сиз физикалык тараптардын активдерине мунапыс берүү боюнча мыйзамга каршы пикир билдирдиңиз. Мунун себебин эмне менен негиздейсиз?

-- Мен чындыгында активдерди мунапыс кылууну колдойм, мурда деле колдочумун. Ооба, салыктан, бажыдан качуу болсо, аларга мунапыс кылса болот. Ал эми коррупция болгондо, же ээлеген кызматынан пайдаланып, байып кетсе, аларга мунапыс берилгени туура эмес.

Себеби, миллион, миллиардды уурдаса деле таза кишидей болуп калышат. Ал эми жөнөкөй жаран базардан килем, же аптекадан дары уурдаса, түрмөгө отурат. Бул туура эмес да. Теңсиздик, акыйкатсыздык болуп калат.

-- Сиз образдуу кылып айткандай, коррупционерлер шампан иче турган мыйзам болот турбайбы?

-- Аларга өтө сонун шарт түзүлүүдө. Кылмыш жоопкерчилигинин баарынан кутулат. Мурдагы архивдеги декларацияларды мамлекет жоготуш керек болот. Демек, бул атайын чиновниктер үчүн жазылган.

Кечээ мен чыгып кеткенде Данияр Амангелдиев айтып атпайбы, “Бекешов долбоорду жакшы окубаптыр” деп. Мыйзамда так жазылган, баңгизат саткандар, терроризм, экстремизм менен аралашкандар кошулбайт.

Калган чиновниктер, мейли ал алдамчыбы, ууру болобу, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

-- Бирок, кандайдыр бир жол менен көмүскө экономиканы жоюш керек да?

-- Негизи, мунапыс кабыл алынышы керек. Бирок, экономикалык кылмыш аракеттерине гана. Ал эми коррупциялык аракеттерге мунапыс берген туура эмес болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости