www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги абакта киши колдуу каза болгон Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө беш адам шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, беш адамга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча айып тагылган. Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бардык шектүүлөр СИЗО-1ге киргизилди.

30-июлда №21 мекемесинде Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болгон. Андан соң ЖАМК окуя тууралуу билдирүү таратып, Дөө Чыңгызды камерада чогуу отурган адам жеке пикир келишпестиктен улам келип чыккан чырда өлтүргөнүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости