www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баткен Пауэр» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. 

«24-25-августта «Баткен Пауэр» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча, 2022-жылдын 25-июлундагы козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) каралган кылмыштын негизинде, уюштуруучусу аталган КР жараны Х.у.Н. УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана Баткен облустук прокуратурасы менен биргеликте шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүштү», - деп айтылат маалыматта.

Тинтүү иштеринин натыйжасында 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынды, ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду.

Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү болгон фигураларды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чындыгында байгелер уюштуруучулар тарабынан бөлүнгөндүгү такталган.

Учурда башка мыйзамсыз лотерея уюштуруучуларына карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости