www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арабдар «Каирдеги мечитти албаниялык Мухаммед Аалы салган» дешип тарыхты бурмалашууда. Аны Манас салган. Тарыхта бир топ бурмалоолор бар, аларды жаза берсе тарых түгөнбөйт. Кыскасы мен Манас атабыздын тарыхын тапкандыгым үчүн, Алла Тааланын буйругу менен Манас, Мухаммед пайгамбардын, Дева Мариянын жана Иса пайгамбардын дайындоосу менен кыргыз кыйналып турган кезде Чынгыз хандын Кытайдан Таласка алынып келинген, бери жагы 5 миллиард, нары жагы 50 миллиард долларлык казынасын мени элчиликке дайындашып, эл ишенсин үчүн ыроолоп беришүүдө.

Бул тууралуу президентке жана өкмөттөгүлөргө 2021-жылдын 11-апрелинен бери бир эмес беш жолу кат жолдодум. «Келишим түзүп, казынаны туура пайдаланып, элибизге завод-фабрика, ГЭС, коргонууга аскердик курал-жарак жана Кытайдын карызынан кутулалы» деген катыма «археолог менен келишим түзүп иштей бер» дешти.

Археологдор «жер алдындагы казынанын (кладдын) бар-жогун айтып бериш үчүн гана келишим түзө алабыз» дейт. Эгер клад бар болуп, табылары анык болсо, өкмөт менен келишим түзөрүмдү айтышты. Ал эми өкмөттөгүлөр «биринчи казынаны көрсөтүңүз, келишим качпайт» дешет. «Өз каражатым менен казынаны казууга мага уруксатыңарды бергиле, архелогдор жаныбызда карап турушсун. Клад бар болуп, көрүнгөн кезде археологдор өздөрүнүн эрежеси менен казууну уланта берүүсүнө шарт түзүп берели» десем да жакшы жооп болбоду.

«Президент кладдын бар жогуна ишенбей жатса керек» деп дрон менен тартылган жер алдында жаткан казынанын сүрөтүн бир эмес, эки жолу бердим. Сүрөттү алып алышып, «өзүбүз табабыз» деп аябай издешти окшойт, бирок табыша элек. Ал жерди тапкан күндө да казганга заказ бергендер жана казган адамдар да табышмактуу өлүшмөк.

Себеби, мурда орустар да казышып, 2-3 адам өлүп калгандан кийин ал жерди таштай качышкан. Бул казына жогору жактын буйругу менен азырынча мага гана тийешелүү. «Казынаны казып алууда 100дөн ашык комиссия (ар бир облустан 10дон кем эмес) болуусу зарыл» деп катта көрсөткөм. Алардын ар бири жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн милдетин так аткарышып жана мен өзүм дайындаган комиссиядан өтүүсү абзел.

Президент бир жылдан бери ушундай казынаны элибиздин экономикалык жактан өркүндөөсүнө кызыкдар болуп пайдалана билбесе, анда мен Таласка 2022-жылдын 22-мартынан кийин боло турган күндү тактап, жалпы элдин атынан курултайга делегаттарды чакыртып, келишим түзүп, казынаны аларга көзөмөлдөтүп, иштетүүгө берем.

Кантип казып, кантип сактап, кандай кылып элдин кызыкчылыгы үчүн жумшашты курултай делегаттары чече турган болот. Дрон менен тартылган жер алдында жаткан кладдын сүрөтүн бир көзү ачыкка жакында эле көрсөтсөм, «мени ал жерге алып барсаң, ошол жерден аян алайын» деп жан койбой жүрөт эле, 3-4 күндөн кийин өлүп калыптыр. Текшерсем, мага айткан ляписинен (сөздөрүнөн) тайыган экен.

«Мен да кладдан алып калат элем» деп байлыкка кызыга көрбөгүлө! Клад тууралуу туура эмес иш жүргүзгөндөрдүн аягы сырдуу өлүм менен коштолорун унутпайлы. Манас атабыз байлыкты «Туура эмес иш жүргүзгөндөр байып калышсын» деп алып келген эмес да. Табылган казына келишим боюнча мага тийешелүүсүнөн калганы жалпы элдин кызыкчылыгына тегиз тийешелүү.

Бул тарыхый баалуулугу бар түгөнгүс зер буюмдар музейге коюлганда, дүйнө жүзүнөн келип көргөндөр көбөйсө, туризм өнүгүп, экономикабыздын жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө өбөлгөсү зор болот. Манас атабыздын мындан да көбүрөөк клады (казынасы) Түркияда да бар, убагында алып келинбей калган экен. Ал казынада мен бармайынча ачылбасын түшундүм. Түрктөр илгери «клад бар» деп божомолдошуп казып башташкан, казгандар өлө баштаганда, алар дагы ал жерди таштай качышкан. Бул кладды бир тууган түрк элине жакын арада таап берсек, түрк бийлигинин канаты дүйнөлүк деңгээлде мындан да кененирээк жайылат эле.

Булак: Азия News гезити

Последние новости