www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чымынга да зыяны жок пенде – эң коркунучтуу киши...

Шамалга ыргытылган чаң кайра чачылгандай, жамандык да сөзсүз кайра кайтат.

Будда («Дхаммапада», IX, 125)

Жамандык издеген адамга жамандык келет.

(Сулайман пайгамбар)

Чымынга да зыяны жок пенде – эң коркунучтуу киши. Себеби, ал чаянга да каршылык көрсөтпөйт.

(Григорий Ландау)

Жамандык жамандыкты гана пайда кылат.

(Михаил Лермонтов)

Жамандык качыр сыяктуу: кежир, артында тукум калбайт.

(Виктор Гюго)

Жакшылык менен жамандыкты айырмалай билген акылдуу эмес, эки жамандыктан кичинекейин тандай билген адам акылдуу.

(Аль-Харизи)

Жамандык кылуу мүмкүнчүлүгү күнүгө жүз жолу болсо, жакшылык жасоо мүмкүнчүлүгү жылына бир гана жолу келет.

(Вольтер)

Дүйнөдө кандайдыр бир жамандык пайда болушу үчүн бир күн жетиштүү, ал эми анын кесепетин жоюу үчүн көп жылдар керек болот.

(Л.Блан)

Ар кандай жамандыктын жакшылык жагы болот. Акчаң аз болсо, түйшүгүң аз. Ийгилигиң аз болсо, көз арткандар аз.

(Сенека)

Адам кичинекей жамандыкты келесоолугунан улам жасаса, чоң жамандыкты пайдалуу болгону үчүн жасайт. Жакшылык кылганга аз гана адам жөндөмдүү, жамандыкты болсо баары эле жасай алышат.

(Б.Грасиан)

Адамдарга жамандык кылган коркунучтуу болгон сыяктуу, аларга өтө көп жакшылык кылган да коркунучтуу.

(Ф.Ларошфуко)

Ак көңүл адам жакшылыкты ар дайым жасайт, карөзгөй адам жамандыкты эң кыйын учурда жасайт.

(Чыгыш накылы)

Жакшы адамдар кыялданган нерсени жаман адамдар жасашат.

(Г.Эварт)

Жамандыкка жамандык кыла берсең, кесепети бүтпөйт. Андан көрө сени капа кылган кишинин бетинен өөп койсоң, ал көбүрөөк кыйналат.

(Будда)

Мен эч качан жамандык кылбайм. Мен чындыкты айтам, алар болсо “жамандык кылып жатат” деп ойлошот.

(Гарри Трумэн)

Эки жамандыктан кичирээгин тандап жатканыңда эсиңде болсун, сен баары бир жамандыкты тандадың.

(Шломо бен Иехуда ибн Гвироль)

Келемиштер менен кырылышып, тиштешкендин ордуна аларды жок кылыш керек.

(Эрих Мария Ремарк)

Жамандыкка бөгөт койбогон адам анын ишке ашуусуна жол ачкан болот.

(Леонардо да Винчи)

Жамандык жол менен жакшылыкка жетүү мүмкүн эмес.

(Уильям Шекспир)

Биздин тегерегибиздегиден эмес, биздин ичибиздегиден коркуш керек.

(Татьяна Устименко)

Тирүүлөр бир күндө жасаган жамандыкты өлгөндөр алты миң жылда да жасай алышкан эмес.

(Александр Дюма)

Жамандык – бул адамдын жүрөгүндө Кудайдын жоктугу.

(Альберт Эйнштейн)

Жакшылыктын баатырлары болгон сыяктуу, жамандыктын да өз баатырлары болот.

(Франсуа де Ларошфуко)

Жаман адамды уккан – жаман ишти баштагандыкка тете.

(Конфуций)

Өлүм эң чоң жамандык деп ойлогон киши али жашоо эмне экенин түшүнбөйт экен.

(Сью Монк Кид)

Жамандыкты жок кылгандын ордуна жакшылыкты өстүрсөк кантет?

(Антуан де Сент-Экзюпери)

Жарык кеңпейил болууга тийиш. Антпесе, анын караңгылыктан эмне айырмасы бар?

(Дмитрий Емец)

Жылтырагандын баары алтын эмес, көлөкөгө жашынгандын баары жамандык эмес.

(Филис Каст)

Жамандыктын өлүүсүнө мүмкүндүк бер...

(Кларисса Пинкола Эстес)

Жамандыкка тазалык, жакшылыкка болсо жакшылык менен жооп бер.

(Уильям Фолкнер)

Булак: Азия News гезити

Последние новости