www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко Беларустун Су тибиндеги учактары өзөктүк курал ташууга айланганын билдирди. Беларус лидеринин айтымында, бул Орусиянын президенти Владимир Путин менен макулдашуунун алкагында ишке ашырылган, деп жазат БЕЛТА.

Орус президенти Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсүндө Беларусь ядролук чабуул жасоого даярдык көрүп жаткан АКШ менен НАТОнун учактарынын машыгууларына тынчсызданып жатканын айткан. Санкт-Петербургдагы ошол эле жолугушууда Владимир Путин жакынкы бир нече айдын ичинде «Искандер-М» комплекстерин Минскиге өткөрүп берүүнү убада кылган.

2021-жылдын ноябрында Александр Лукашенко эгер НАТОнун өзөктүк куралы Польшада жайгаша турган болсо, Беларуска өзөктүк куралды кайтарып берүү өтүнүчү менен Владимир Путинге кайрыла аларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости